Menu

Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Риштан районунда газ баллонунун жарылуусунан 32 жаштагы келин каза болду.

Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон.

«Ал ооз ачыруу үчүн тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде өлдү. Анын артында 12 жаштагы кызы жана тогуз жаштагы баласы калды», – деди коңшуларынын бири.

Риштан шаардык өрт коопсуздук кызматынан билдиришкендей, бул окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштады.

Жергиликтүү укук коргоочу Баходир Элибоевдин айтымында, каза болгон келин жашаган «Тошогалик» маалесине Фергана облусундагы башка көптөгөн райондордой эле газ берүү токтотулган. «Газдын жоктугунан улам тургундар кооптуу болсо да газ баллондорун колдонууга аргасыз болуп келишет», — деди Элибоев.

Өзбекстанда газ баллондорун туура эмес пайдалануудан же алардын түзүк эместигинен улам тез-тез жарылуулар болуп, өрт чыгып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: