Menu

Видео – ИИМ: Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи менен  биргеликте алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи алдамчылыкка шектелген жаранды кармоого багытталган бирдиктүү ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү.

https://www.youtube.com/watch?v=ZP2tpVLMmqM

Мурда, ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2017-жылдын күз айында жабырлануучуга чала тааныш адам кайрылып,  алдоо жолу менен ишенимге кирип,  курулуш-жасалгалоо иштерине арналган “Травертин” декоративдик материалын алган. Ал жалпысынан ири сумма турган 60 куб декоративдик плиткаларды алган. Материалдык чыгым 12 000 АКШ долларын түзгөн. Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун Өзгөн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 163-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Талас облусунун тургуну, 1984-жылы туулган К.М. аттуу  жаран аныкталган. 2019-жылдын январь айынын аягында ага издөө жарыяланган.

Издөөгө алынган адамдын кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында К.М. аттуу издөөдө жүргөн адам Чүй облусунун Сокулук районунда  туугандарыныкында жашап жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан. Атайын  тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук сотунун токтому алынган.

2019-жылдын 19-май күнү соттук токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери ИИМдин АБПнын атайын операциялар отряды
менен биргеликте К.М. аттуу жаранды кармашкан. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.  Кармалган жаран Өзгөн РИИБдин кызматкерлерине кийинки иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча К.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Анын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: