Menu

Видео – Бакыт Бакетаев: “Кыргызстандын коррупциялашкан жаңы буржуазиясы 25 жылдан бери тендерлерден байыды, дагы байыйбыз деп жатышат”

Бөлүшүү:

“Биз улуу Рамазан айында Швейцариялык KBA NotaSys компаниясы менен бирдикте маалымат жыйын өткөрүүнү чечтик. Биринчиден, биздин жаңы кыргыз буржуазиясына кайрылгым келет”, – деп билдирди бүгүн, 20-майда саясат таанучу Бакыт Бакетаев.

“Кичине ыймандуулук керек, нысап керек. 25 жылдан бери биздин жаңы буржуазия өздөрүнүн гана чөнтөгүн ойлоп, мамлекеттин чөнтөгүн унутуп атат… 25 жылдан бери биздин жаңы буржуазия тендерлердин эсебинен байып, дагы эле байыйбыз деп жатышат… Акчанын баарын топтоп алды, жетет да эми. Мына биздин IT технология жаатында жүргөн буржуазия биригип алып, биздин демократияга, сөз эркиндигине таянып алып, өздөрүнүн кызыкчылыгын Жогорку Кеңештен өткөрүп салат, мыйзамдын негизинде өткөрүп салат. Мына Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде ушул документтерди, акчаны басып чыгара турган заводду куралы деп токтом чыгарды эле, үч айдан кийин кызматынан түшүп калды. Өлкөдө өтө коррупциялашкан буржуазия пайда болду. Алар керек болсо бүгүн УКМКнын төрагасын кызматтан түшүрүп койду. Эми алар президентке өзүнүн талапкерин айтып, УКМКнын төрагасы кылып дайындатып алат. Анан тендерлерди өздөрү каалагандай өткөрүшөт. Азыр бизде 100дөн ашык тендерлер өтүп жатат. Аларды толук бойдон финполиция жана башка укук коргоо органдары көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан бизге мамлекеттик атрибуттарды – желек, герб, конституция, документтерди жана акча баса турган өзүбүздүн завод болушу керек. Менин жанымда олтурган KBA NotaSys компаниясынн өкүлдөрү ошондой акча, паспорт, билеттер, бюллетендерди жана башка мамлекет чыгара турган 250ден ашык баалуу кагаздарды басып чыгара турган станокторду чыгарышат. Өзбекстан менен Казакстанга окшоп ошондой машиналарды алып келип койсок , жанагындай 100дөй тендер өтпөйт эле да. Жыл сайын тендерлер өтүп жатат, жыл сайын жаңжалдар чыгып жатат. Биздин шумпай-шүмшүктөр сол чөнтөгүнө кымырып салышууда… Бизде тендерлерде саан уйду албай, сүттү гана алып сатып жатышат…”, – дедт Бакыт Бакетаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: