Menu

Видео – Казакстанда “сыйлыкка ат минген” полиция башчысы жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Казакстан Ички иштер министрлиги Атырау облустук полиция департаментинин башчысы Аян Дүйсембаев “кызматтык этиканы бузганы үчүн” жумуштан бошотулганын билдирди.

Маалыматка караганда, президенттик аппаратка Аян Дүйсембаевди бошотуу боюнча көрсөтмөнү ИИМ министри Ерлан Тургунбаев берген, чогуу чечим кабыл алынган.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Дүйсембаевге жоон топ киши салтанат менен ат мингизип жаткан учуру тартылган видео тараган.

​Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына “сыйлыкка ат минген” чиновниктин иши боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырганын жазган.

6-майда Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Токаев күч түзүм өкүлдөрүнө сыйлык тапшырган, Дүйсембаев полициянын генерал-майору деген наам алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: