Menu

Кыргызстанда төртүнчү “Salam”: түзүлөбү?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды.

​«Виртуалдык операторго көп деле техникалык жумуштар талап кылынбайт. Менин билишимче «Альфа Телекомдо» тарифтик пландар боюнча жумуштар жүрүп жатат. Cим-карталар даяр. Бир айдын ичинде бул долбоорду ишке ашырып, жаңы операторду ишке киргизсе болот».

16-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө жыйын өткөрүп, Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү тапшырмасын койгон. Бул милдетти «Мегаком» компаниясы өзүнө алган.

Бирок «Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов азырынча эч кандай жумуш жасала электигин айтты. Ал муну «КТ-Мобайл» компаниясынын жетекчилери жана айрым кызматкерлери кызматтан кеткени менен байланыштырды.

Жамангулов «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде виртуалдык оператор түзүүнү колдоп, бирок өз алдынча иш алып барган уюлдук операторунун пайда болушуна каршы чыккан. Ал жаңы уюк операторду толук кандуу иштетүү үчүн 86 млн. доллар талап кылынганын жарыялады.

«Бул чоң чыгымдарды алып келмек. Биз ушуга каршы болуп, чыр ушундан чыккан. Келишимге ылайык виртуалдык оператор түзүшүбүз керек болчу. Ага көп деле акча жумшалбайт. Ал эми биздин компания 86 млн. долларды салып салсак ал эртеңки күнү кайра кайтарылып, киреше алып келиши керек да. Биз жөн эле акчаны салып коё албайбыз».

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялап, аны «Альфа Телеком» жеңип алган.

Жыйынтыгында «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болгон. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. «Мегаком» биринчи транш менен 168 млн. сом которгону белгилүү болду.

Ошондой эле аталган ишкана жаңы ачылган «Salam» виртуалдык операторуна Интернетти, мобилдик байланышты дүңүнөн сатат, ал эми «Salam» оператору үстүнө каражат кошуп, кайра аны абоненттерге сатууну көздөп жатат. Түшкөн каражаттын 67 пайызын «Мегаком», калган 33 пайызын «КТ Мобайл» алат деп көрсөтүлгөн.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроолорго жооп берип жатып экономикалык долбоор саясатташып кеткенин айтты.

«Азыркы биз айтып жаткан «КТ Мобайл» жана «Мегакомдун» ортосундагы долбоор бул мамлекеттик проект. Муну аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес».

Учурда Кыргызстанда үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: