Menu

Ишенбай Кадырбеков, экс-депутат, БШКнын экс-мүчөсү: “Биздин мындай кадамыбыз менен демократияны тебелеп жатабыз”

Бөлүшүү:

Шайлоо кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр парламентаризмди өнүктүрүүгө өбөлгө боло алабы же жеке бийликти дагы күчөтөбү?

Шайлоо системасын жакшыртуунун негизги принциптери кайсылар? Шайлоочуга депутаттыкка талапкерге жана саясий партияга так добуш берүүгө шарт түзүлөбү? Ушул жана башка суроолор менен «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Зайнидин Курманов жана Ишенбай Кадырбеков катышты. Андагы айтылгандардын айрым жерлерин окурмандарыбызга сунуштайбыз.

– Мирлан мырза, Шайлоо кодексине сунуштап жаткан төрт депутаттык топтун жана президент баштаган жумушчу топтун сунуштарынын тегерегинде парламенттин ичинде-сыртында да кызуу талкуулар жүрүүдө, улам курч мүнөзгө айланууда. Анын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз, кескин өзгөрүүлөр зарылбы?

Мирлан Бакиров: – Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү демилгеси жаңы эле чыга калган жок. Биз сунуштап жаткан долбоор бир жарым жыл мурда эле жазылган, бир топ анализденген. Биз Ирландия, Англия, башка Европа мамлекеттеринин тажрыйбаларын, акыркы убакта Арменияда өткөн парламенттик шайлоонун стандарттарын да окуп үйрөндүк. Биздин коомдо азыркы парламенттин сапатына нааразычылык абдан көп. Ошондуктан биз Кыргызстандагы коомдук пикирди эске алып, өз жолубузга жараша мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Бизде жалпы сөздөр эмес, так сунуштарыбыз бар. Мисалы, Кыргызстанды ири 13 округга бөлүүнү туура деп эсептеп жатабыз. 12 округ Кыргызстандын ичинде болот, бир округду Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулар түзөт. Бул система ар бир шайлоочунун конкреттүү талапкерге жана партияга добуш берүүсүнө шарт түзөт. Шайлоочу негизги талапкерлерди бюллетенден көрөт, ошого жараша добуш берет. Биздин долбоордун негизги өзгөчөлүгү ушул. Эми калганын депутаттардын кошумча-алымчасы жана коомдук талкуулар көрсөтөт.

– Ишенбай мырза, мыйзам долбоорлорун даярдаган топтордун сунуштарынын ортосундагы негизги айырмачылыктар, талаш-тартыштардын өзөгү эмнеде?

Ишенбай Кадырбеков: – Төрт депутаттык топ жана президенттик аппарат тарабынан иштелип жаткан мыйзам долбоорлору шайлоонун процедуралык маселелерине эле көңүл бурушууда. Негизги маселе башка жакта болуш керек эле. Тилекке каршы, Кыргызстан 2010-жылдагы Шайлоо кодексин парламенттик демократияга туура келтирип жатабыз дегенибиз менен «чыныгы элдин бийлигин» орното алган жокпуз. Биз жарандарды шайлай турган укугунан ажыратып, жөн эле добуш берүү укугун берип койгонбуз. Биз мындай кадамыбыз менен демократияны тебелеп жатабыз. «Жарандар өз укугун шайлаган депутаттар аркылуу ишке ашырат» деген конституциялык укугунан ажыратып жатабыз. Биздин шайлоочулар депутаттарды шайлабайт, партияларга эле добуш беришет. Ооба, парламентти партияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми партияларды конкреттүү адамдарсыз кантип элестете алабыз? Кыргызстандыктар он жылдан бери кимди шайлап жатканын билишпейт. Эл тааныбаган, шайлабаган адамдар «биз депутатпыз» деп мамлекетти башкарып жатат. Демократиялык мамлекеттер үчүн бул таңкалычтуу нерсе. Ошондуктан бул чоң кемчиликти оңдошубуз керек. Төрт депутаттык топтун сунуштарында шайлоочуга депутаттарды түз шайлоого мүмкүнчүлүк берүү каралган. Бирок президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун сунушунда бул нормалар жок. Алар Шайлоо кодексинин мурдагыдай эле калышын каалап жатышат.

– Зайнидин мырза, Кыргызстандын максаты – парламентаризмди өнүктүрүү эмеспи. Ушул негизден алганда аталган мыйзам долбооруна киргизиле турган негизги принциптер кандай болушу керек?

– Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эмне үчүн парламентаризм өнүкпөй жатат? Анткени саясий партияларсыз парламентаризм өнүкпөйт. Азыр Кыргызстанда саясий партиялар жок, партияга окшогон уюмдар бар. Партиялардын өсүп-өнүгүшүнө шайлоолордо мыйзамдуу жакшы шарттарды түзүп бериш керек. Шайлоо системалары нукура партиялардын калыптанышына өбөлгө болушу абзел. Бизде парламентке депутат болуу – «саясий коррупцияга» айланды. Мурда деле добуштарды акчага сатып алуу бар болчу. Акыркы шайлоодо масштабдуу деңгээлге жетти. Мандатты акчага сатып алгандардын көбү жөндөмсүз, билимсиз болуп чыкты. Эң башкы көйгөй – эл тааныбаган, билбеген, билимсиз депутаттар менен кантип реформа жасайбыз. Ошондуктан элдин нааразы болгону ишенбей жатканы туура көрүнүш. Партияларга парламентке өтүшү үчүн 9 пайыздык чектин коюлушу көп партиялуулукту өнүктүрбөйт, эки партиялуулукка алып барат. Эгер 5 пайыздык чекти койгондо Жогорку Кеңешке алты партия өтүүгө мүмкүнчүлүк болот. Ошондон улам партияларга болгон чекти төмөндөтүү керек. Албетте, көп демократиялык мамлекеттерде эки партиялуу система абдан натыйжалуу деп эсептелет. Ага жетиш үчүн аларга көп убакыт талап кылынды. Бизге андай эки партиялуу системага өтүш үчүн дагы 20-30 жыл керек. Ага чейин таасирдүү партиялардын чыгышына шарт түзүү зарыл. Ал шарттар шайлоо мыйзамдары аркылуу бекемделиши керек.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: