Menu

Украина: премьер-министр жана күч түзүм башчылары отставкага кетти

Бөлүшүү:

Украина Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак менен коргоо министри Степан Полторак кызматын тапшырды. Чечим Владимир Зеленскийдин инаугурациясынан кийин кабыл алынды.

Зеленский мамлекет башчы катары алгачкы сөзүндө Коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги жана Башкы прокуратуранын жетекчилери кызматтан кетиши керек экенин айткан. Башкы прокурор Юрий Луценко отставкага кеткен-кетпегени белгисиз. Буга чейин Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башкы катчысы Александр Турчинов менен ИИМ жетекчиси Павел Климкин кызматын тапшырганын жарыялаган.

Президент өкмөттү дагы отставкага кетүүгө чакырып, Жогорку Раданы таратарын билдирген. Парламент вице-спикери Ирина Геращенко парламентти таратуу Конституцияга шайкеш келбей турганын айткан.

Кийинчерээк премьер-министр Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты.

41 жаштагы Владимир Гройсман 2016-жылдын апрель айында өкмөттүн башына келген. Ага чейин парламенттин спикери болуп иштеген.

Зеленскийдин парламентти таратуу чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кириши үчүн президенттик жарлык керек. Президент бүгүн бул боюнча фракция лидерлери менен жолугат. Алардын айрымдары, анын ичинде “Улуттук фронт” президенттин чечимин талашууга ниеттенүүдө. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 14-июлда өтөрү айтылууда. Ага чейин депутаттар ыйгарым укуктарын сактап калышат.

Азыркы Жогорку Рада 2014-жылы шайланган. Анын курамында Зеленскийдин фракциясы жок. Сурамжылоолорго караганда, эгер парламенттик шайлоо бүгүн өтсө, анын “Эл кызматчысы” партиясы жеңишке жетмек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: