Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ