Menu

Өзбекстанда бир үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

Самарканд облусунда бир үй-бүлөдөн беш кишини өлтүрүп кетүүгө шектелгендер кармалды.

Өзбекстан ИИМи кабарлагандай, тергөө иштеринин натыйжасында төрт киши колго түштү.

Шектүүлөр Иштихан районундагы Чимкоргон айлында өлтүрүлгөн үй-бүлө менен кошуна жашашкан. Алардын баары жумушсуз болгон жана маркумдардын акчасына ээлик кылуу үчүн кылмышка барышкан.

Алар үй-бүлө мүчөлөрү уктап жатканда ууруга кирип, темир таяк менен башка чаап өлтүрүшүп, алардын 22 млн. сумун (2600 миң доллар) жана Samsung Galaxy A8 телефонун алып кетишкен.

Кылмыштын ишин жашыруу үчүн маркумдардын сөөгүн аларга таандык унаага салып, башка районго алып барып токтотуп коюшкан.

Шектүүлөр күнөөсүн моюндарына алган.

Киши колдуу болгон түгөйлөр дыйкан чарбасы менен алектенген, алардын үч уулунун эң кичүүсү 15 жашта болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: