Menu

Адалсынган “бажанын” оозунан, 950 евро чыгыптыр

Бөлүшүү:

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык “Ачык өкмөт” уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин айланасындагы азыркы ызы-чуу, анын өкмөт башы Абылгазиевдин бажасы экени менен эле токтоп калган жок. Улам түрдүү жагдайлар орун алып жатат. Буга чейин Мегаком менен келишим түзүп 345 млн. сом төлөтмөкчү болгон “КТ Мобайл” чатагы менен башталган чыр, акыры аларды жумуштан ажыратып, аягы өкмөт башынын өлө-сөлө абалы менен аяктаганы турат. Бул боюнча депутаттык комиссия ишин баштап, “бажанын” билинбеген бактысы тоодой жактарын жарыялай баштады. Актанып, аны “Ачык өкмөт” уюмуна Абылгазиев алып келбегенин айткан менен алган айлык акчалары эле
“бактысын” ташка тийгизе тургандай.

Маалыматтарда Рысалиевдин “Ачык өкмөт” уюмундагы алган айлыгы 950 евро экени айтылууда. Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Иманкадыр Рысалиевдиң бажасы болгон өкмөт башынын тапшырмасы мененби, айтор бул сумманы айлык катары алганын төгүндөөдө. Бирок, “бажа” Рысалиев бир учурда маалымат булактарына берген маегинде өзүнүн айлык акысы 950 евро экенин ырастаган жайы бар. Дагы бир маалымат булактарында депутат Элвира Сурабалдиева Иманкадыр Рысалиевдин маянасы 5000 евро экенин айтканын жазып чыгышкан. Эмнеси болсо да бул маалыматтардын этегине Эл аралык “Ачык өкмөт” долбоорунун расмий билдирүүсү эле чекит коет окшоп калды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: