Menu

Баткен: чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканын жергиликтүү тургундар билдиришти. Бул маалыматты айыл аймак башчысы Тургунбай Нишанбаев да ырастады.

Кара-Бак айылынын жашоочуларынын маалыматына караганда, пикир келишпестикке себеп болгон көрүстөн чек ара аймагында жайгашкан. 20-майда кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөнүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, элди ага жолотпой койгон. Коңшу өлкөнүн чек арачылары жаан-чачын болгон учурда мүрзөнүн атайын жабдыктар коюла турган бастырмасына да кыргызстандыктарды жолотушкан эмес.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев эки тараптын чек арачылары жана жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсүнөн кийин тажикстандык жоокерлер көрүстөндөн чыгып кеткенин маалымдады. Бирок жергиликтүү тургундар 21-майда дагы чогулуп, маселени биротоло чечип алууну сунуштап жатышат. Буга чейин да ушул көрүстөндүн айынан чыр чыккан учурлар кездешкен.

Кара-Бактагы окуя боюнча мындан мурда Кыргызстандын Чек ара кызматы да маалымат тараткан. Анда дүйшөмбүдө кыргызстандык жарандар менен тажикстандык чек арачылар айтыша кеткени, буга белгисиз кишилер Кыргызстандын жарандарына таандык шайман-аспаптар турган сарайдын эшигин талкалаганы түрткү болгону айтылган. Кыргызстандыктар сарайдын бузулган каалгасын оңдоону көздөгөндө, тажик чек арачылары ага жолтоо болушканы, тиреш эки тараптын сүйлөшүүсү менен чечилгени белгиленген. Коңшу өлкөнүн чек арачылары сарайдын эшигин оңдоого жана аны мындан ары колдонууга макул болушканы да кабарланган. Ошол эле кезде Чек ара кызматынын билдирүүсүндө чатакка көрүстөн түрткү болгону айтылган эмес. Тажикстан тарап бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: