Menu

ИИМ: Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-майда, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында  Кыргыз Республикасынын экс вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш. Атаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун коюп, диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган.
2013-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.
Андан сырткары, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө.
Кылмыш ишинин алкагында өткөн жумуда мурдагы ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: