Menu

Түркмөнстанда мите оорулары күч алууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жарандар арасында мите оорулары (гельминт) күч алууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына жергиликтүү дарыгерлер билдиришти.

Алардын белгилешинче, бирок бул тууралуу өлкөдө ачык айтылбай келет.

«Мите оорулары үч жыл мурда эле күчөй баштаган. Бүгүнкү күндө ал өзгөчө мектеп жашына чейинки балдардын жана кош бойлуулардын арасында массалык мүнөзгө ээ болууда. Болгондо да балдар бакчасына баргандар гана эмес, үйдө отургандар дагы ооруп жатышат», — деп билдирди ашхабадык дарыгерлердин бири.

​Адистер ооруну жуктургандардын саны кескин көбөйгөнүнө карабастан, медициналык жайларда бул боюнча текшерүүлөр дайыма эле жүргүзүлө бербей турганын билдиришүүдө.

«Көбүнчө кичинекей балдар менен кош бойлуу келиндерди анемия жана нервоз ооруларынан дарылашат. Бирок чынында алар гельминт оорусу менен жабыркашат. Быйыл ар бир райондук бейтапканада 20-30дан мите оорулары аныкталууда. Мындай жыйынтыктарга адистер дагы таң калып жатышат. Бирок эч ким оорунун массалык жайылышынын себептерин анализдеп, чараларды көргөн жок», — деди дарыгер.

Адистердин айтымында, өлкөдө мите ооруларынын жайылышына негизинен жашоочулардын тазалыкты сактай бербегендиги жана азык-түлүк дүкөндөрүндөгү санитардык нормалардын бузулушу себеп болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: