Мындай демилге буга чейин да сөз болуп келген. Ал демилге «Республика — Ата Журт» партиясы тарабынан мурда дагы айтылган болчу. Кечээ ЖКнын отун-энергетика комитетиндеги жыйында «Республика — Ата Журт» фракциясы өкмөткө «Улуттукэнергохолдинг» ААКны жоюуну тапшырды. Аталган партиянын депутаттары Улуттукэнергохолдинг өзүнүн түзүлүү максатын актаган жок дешти. Түзүлгөнүнө канча жыл болсо да жарытылуу жылыштардын болбогонун айтып, энергетика министрлигин түзүүнү сунушташты.
Ошондой эле өкмөткө энергетика саясатын иликтеп чыгып, ортомчу компаниялар үчүн бирдиктүү бааны карап чыгуу тапшырылды. Тийиштүү мекеме электр тармагындагы реформалар ийгиликтүү ишке ашмайын электрге болгон баалар көтөрүлбөсүн айтышууда.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ