Menu

Депутат Бокоев өз мыйзамын артка кайтарып алды

Бөлүшүү:

ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.

Ал мыйзам долбоорунун негизин, кандай кылмыш болсо да, бир эле жылга соттолгон жаран соттуулугу жоюлуп же алынып салынган күндө да, жөнөкөй участкалык милиционер, МАИ кызматына орношо албайт, биздин прокуратура, УКМК сыяктуу укук коргоо органдарына өмүр бою ишке кире албайт. Бирок, он жылга соттолгон жаран болсо да соттуулугу алынып салынса, ал Президент же депутат боло алат. Мына ушул жердеги келишпестик жана адилетсиздиктен улам депутат «беш жылдан жогорку мөөнөткө соттолсо, абактан чыккандан кийин соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан президенттикке жана депутаттыкка өмүр бою талапкер боло албайт» деген өзгөртүү киргизген болчу..

«Саясий тутукундар» боюнча коомдо чоң талкуулар болду. Кимдир бирөө биздин өлкөнүн жаранына буйрутма “көрсөтмө” берип арыз жазып койсо, ал ким болбосун, жөнөкөй жаранбы, саясий лидерби аны соттон каалагандай чечип коюуга жана аны соттор дагы алардын “тапшырмасын” аткарууга барып коеруна толук ишендик. Аны турмушта ар кандай “саясий” жагдайларда, окуяларда көрүүдөбүз. Коомдо саясий буйрутмалардын негизинде, “саясий туткунга” айланып, адилеттик таппай, өз укуктары бузулуп жаткан бир топ саясатчы, саясий лидерлерди көрүүдөбүз. Ал коом тарабынан өтө чоң сындоолорду, келишпестиктерди жаратты. Аягы азырга чейин тыйыла элек. Бул коомдо соттордун колу менен саясатчыларды, саясий лидерлерди атайын “саясий буйрутма” менен камап коюга боло турган шарттар ачык эле аныкталып калды. Мына ушул жагдайлардын негизинде, сотторго болгон эл ишеними пайда болуп, сот реформалары өлкөдө иш жүзүндө толук ашмайынча, мындай мыйзамдарды киргизүү эрте экенине ынанып олтурам. Андыктан, аталган мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууну туура көрдүм» – деди Бокоев.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: