Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев МТБМК төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: