Бүгүн, 22-майда Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылынын Эски-Мазар участкасында ок атышуу менен коштолгон кыргыз-тажик чек ара жаңжалы чыкты.
Кечээ, 21-майда жерге берилген маркумдун туугандары бүгүн куран окуу үчүн мүрзөгө келишкенде тажик чек арачылары келип аларга тоскоолдук жаратышкан. Ал кыргыз тараптын мүрзөсү турган жерди тажиктер талаштуу жер катары мүнөздөшүүдө.
Кыргыз чек арачылары жана тургундары шарттуу чек ара мүрзөдөн ары 150 метр алыс турарын, бул жерди кыргыздар кылымдардан бери пайдаланып келгенин айтышат. Бирок ал жердеги кыргыз-тажик чек арасы расмий бекитилбегендиктен тажик тарап чек ара дооматын коюп келатышат. Бүгүн тажик чек арачылары кыргыз жарандарын эскертип, асманга ок чыгарышты.
Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арачылары бул жаңжалды чечүү боюнча өз ара сүйлөшүлөрдү жүргүзүшүүдө.
https://www.youtube.com/watch?v=jub5RhMxNpY&t=3s
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ