Сот реформасын жүргүзөбүз деген кептин кеткени көп болду. Тактап айтсак, 2010-жылдан бери жүрүп жатат. Мына ошол реформага Евробиримдик 14 миллион евро бөлүп, анын кайда кеткенинин изин таппай жатышат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров айтып жатат. Депутат Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр мырзадан 14 миллион евронун дайынын сураса, ал жооп берген эмес. Алар 3 млн. евро ЖМКларга бөлүнгөн деп бир документке жазышкан. Бирок, бир дагы Кыргызстандагы маалымат каражаты мындай акчаны алган эмес. Сот реформасы деп 2015-жылы 965 миллион сом, 2016-жылы 1,2 млрд сом, 2017-жылы 1,3 млрд сом, 2018-жылы 1,6 млрд сом кеткен. Быйыл болсо, сот реформасына 2 миллиарддан ашык сом бөлүнгөн… Реформа жүрүп жатат…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ