Menu

Айтмамат Назаров депутаттык мандатын тапшырып, аткаруу бийлигине өттү

Бөлүшүү:
Кечээ, 22-майда Жогорку Кеӊештин депутаты Айтмамат Назаровду «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу депутат А.Назаров бүгүн, 23-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирип, бүгүнтөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтоторун билдирди.
Айтмамат Назаров 6-чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат болуп келип, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланган. А.Назаровдун билдирүүсүндө ал төрагалык кылган мезгилде аталган комитетин 83 жыйыны өткөрүп, анда 36 мыйзам кабыл алынып, иштеп жатат. 350дөн ашуун ар кандай маселелер каралган. Бул мезгил аралыгында мыйзамсыз салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу, айыл тукум мал чарбачылыгы менен үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жана башка бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынган.
А. Назаров энергетика тармагындагы жаӊы иш-милдети ары түйшүктүү экенин билдирип, тагылган милдетти бар-күч аракети менен аткара тургандыгын айтып, туура менеджмент жүргүзүү, структурага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, системаны толук санариптештирүү менен аталган мекемени алдыга жылыдырарын белгиледи.
Айтмамат Назаров 4 жыл чогуу иштеп, бир топ ийгиликтерди жараткан кесиптештерине ырахматын, ишеним көрсөтүп добушун берген шайлоочуларына ыраазычылыгын айтты.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Айтмамат Назаровго жаӊы дайындалган ишине жалпы депутаттардын атынан ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: