Menu

Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга киргизген чектөөнү алды

Бөлүшүү:

Казакстан Кыргызстандан ташылчу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул маалыматты  Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Ага ылайык, чектөөнү алуу жөнүндө чечим эки тараптын 13-14-майда Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. Мындан сырткары, чектөө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколду ишке ашыруунун алкагында алынды.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар Комсток – Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай, чирип жатканын айтып арызданышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: