Menu

Кашкар Жунушалиев ИИМди үй-бүлөлүк башкарууга айландырды

Бөлүшүү:

Бүгүн бийлик кудалардан, бажалардан, дегеле тууган-уруктардан тазалануу жолуна түшүүгө ниеттенип калганы, жакындары тебилгени боюнча маалымат алып, күбө болуудабыз. Тилекке каршы, ИИМ системасында андай жаңылануу болгон жок. Министр Кашкар Жунушалиевдин бажасы, достору, анын балдары жооптуу кызматтарды майкандап атканы кандай?

Сөзүбүз куру болбос үчүн факты менен келтирели. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин орун басары Азиз Бекназаров министрдин досу Адыл Бекназаровдун уулу. Ал эми ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Жыргал Шабралиев министрдин бир тууган бажасы. ИИМдин 7-башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев шефтин досу болсо, Улан Ниязбеков ошол кызматтагы тыңшоо жагынан «адистигин» көрсөтүп, кылгылыкты кылып жүрөбү? Буларга сурак жокпу? Убагында Ниязбековго генерал Турганбаев тарабынан кылмыш иши козголуп, камалып кетеринде кимдер ажыраткан? Кызыгы, министрдин бир тууган күйөө баласы Улук Сапаров Ысык-Көл районунун күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп отурганы эмнени билдирет?

Сыягы, ИИМ да Жунушалиевдин тууган-уругуна батып, оңолбой атканы ушунданбы? Өздүк курам нааразы болгонун бизге жеткизүүдө. Мындай министр токтоосуз түрдө кетиши керек! Татыктуу талапкер-генерал Сүйүн Өмүрзаков!

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: