Menu

Аскерде каза тапкан жоокердин ата-энеси 27 миң доллар компенсация талап кылууда

Бөлүшүү:

Тажикстан Улуттук гвардиясынын жоокеринин сырдуу өлүмүнөн үч жыл өткөн соң Душанбе шаарынын соту материалдык жана моралдык чыгымдарды өндүрүү боюнча доо арызды карай баштады.

Шухрат Таваллоев 2016-жылы Душанбеде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде каза тапкан. Расмий версия – өзүн-өзү өлтүрүү, бирок маркумдун туугандары буга ишенбейт.

Таваллоевдердин үй-бүлөсү Улуттук гвардиядан жана маркум менен кызмат өтөгөн Шухрат Мирзохабиб Мирзобоевден 260 миң 855 сомони (27 миң доллардан ашык) компенсация талап кылууда.

Маркум жоокердин атасы Имомдод Таваллоев 22-майда өткөн соттук отурумда уулу өлгөндөн кийин санаа тартып, рак оорусуна чалдыкканын, мындан улам моралдык компенсация талап кылып жатканын билдирди.

Кезектеги соттук отурум 10-июнда болот.

Шухрат Таваллоев армияга 2016-жыл майда чакырылган. Беш ай өткөн соң анын сөөгү ата-энесине берилген. Жоокер куралды этиятсыз колдонгону үчүн өлгөнү айтылган. Бирок анын туугандары буга ишенген эмес.

Жоокердин өлүмү боюнча аны менен бирге кызмат өтөгөн Шухрат Мирзохомид Мирзобоев кармалган. 2017-жылы ал “өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча 6 жылга соттолгон. Тергөө материалдарында Мирзохомид Мирзобоев үч жоокерди, анын ичинде Шухратты кур менен сабаганы айтылат. Ошол эле күнү нөөмөттө турган Шухрат мылтыкты ээгине такап, эки жолу ок чыгарган. Маркумдун туугандары аскердик бөлүктүн жетекчилиги жоокерлердин коопсуздугун камсыздабай, трагедияга жол берген деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: