Menu

Алтынбек Сулаймановдун оппозицияга оогону пайдалуубу?..

Бөлүшүү:

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Украина президенти «чү» дегендей эле Раданы таратып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Чоң реформаларга карай жол ачылды. Пашинян болсо бүгүн сот реформасын баштады. Ал эми биз бир орундан жыла албай, бажаларга кызмат бөлүштүрүп, өтө зыян катары саналган уранды казуу менен алекпиз. Убакыттан уттуруудабыз» деп Фейсбук баракчасына пост жазган.

Албетте, бул туура кеп. Кадыресе маанидеги сын-пикир, болгону постсоветтик өлкөлөр ичиндеги саясатты салыштыруу, алдыга умтулган лидерлерден үлгү алуу машакаты коюлган. Негизинен өкмөт башчы Абылгазиевдин соңку жумадагы былыктарынан Сулайманов эле эмес, бүтүндөй мекендештерибиз иренжип турушат. Ал эми депутат калыс сөзүн айтпаса, калк кадырлап албайт да. «Бир Болдун» лидери фракциясы менен коалиция курамында отурат, ага карабай бийликке акаарат келтирди. «Оюн салганы» колдоого ээ болууда. Кызыгы, ага атайын уюшулган соцтармактарда кара пиар башталып, ушак-айың менен шыбоо күч алды. Саясатчынын териси калың болушу кажет. Күрөш уланышы керек…

Мынча болду, эми Сулайманов өкмөт курамын бузуп, оппозицияга кадам таштаса эп болмок. «Бажалар сериясынан» кийин кантип чыдап отурат? Эгер жакынкы күндөрү «Бир Бол» фракциясы коалипиядан чыгып кетсе, каршылашуу тарапка өтсө, саясый упай алмак. А болбосо кыйын го… Өкмөткө «коюндашып» алып, сын айткан Алтынбек мырзага моралдык жагы жарашпай калбайбы? Парламенттик шайлоого деле бир жылдай убакыт калды. Алдыга кадамдарды азыртадан өзгөртүп, элге жакындоону эмитен башташ керек. А эртең баары эле «артистикке» өтүшөт да, анда кеч болуп калат…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: