Menu

Фото – Кашкар Джунушалиев  Таласта ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборунун ачылышына катышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-май күнү Кыргыз Республикасынын  ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  кызматтык иш сапары менен Талас шаарына келди.  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Талас  ОИИБдин кызматкерлери жана ардагерлери  менен жолугушту. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын имаратында жайгашкан медициналык палата менен таанышып чыкты.  Министрдин былтыркы жылкы иш сапарында  облустук милиция жетекчиси Алмазбек Жумабековго  бул тапшырма болуп берилген эле. Ачылган палата баардык шарттары менен жана заманбап
керектелүүчү техникалар менен жабдылган. Ден соолуугун чыңдоого жана дарыланууга багытталган палатада учурдагы милиция кызматкерлери жана ардагерлер стационардык түрдө медициналык жардам алышат. Министр медициналык кызматтын шарттары менен таанышып, ал жерде иштеген медициналык кызматкерлерге алкыш айтып, алардын ак  эмгегин: “Биз ар дайым баалайбыз жана силердин кызматыңар баа жеткис” – деп билдирди.

Андан соң, Талас облусундагы иш сапардын жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында, ички иштер министрлиги  тарабынан  Талас облустук милициянын имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков, Талас  облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы  милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, Талас ОИИБнын Ардагерлер  кеңешинин төрагасы Кулчоро Жамангараев,  облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери менен өздүк курамы, андан сырткары
чакырылган коноктор: “Союз Единение”  коомдук бирикмесинин өкүлү Светлана Бошкова, “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов катышты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Талас  облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков  документтерди текшерүү процесси кандайча жүрө тургандыгын, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын жолу жөнүндө айтып берди. Борбордун ачылышында Кашкар Джунушалиев, “Бул  борбор  жарандарга керектүү документтерин алууда сапаттуу жана  ыкчам түрдө кызмат өтөйт. Мурункудай шаардын ар кайсы бурчуна чуркабастан, убарасыз ушул жерден алышса болот”,-деп билдирди.

“Бирдиктүү терезе” принциби коррупцияны жоюуда  жана калктын милицияга болгон  ишенимин жогорулатууга жардам берээрин белгиледи.

“Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Талас  облусунун  жашоочуларына төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтөт: адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Талас  ОИИБдин имаратында жайгашкан.

“Бирдиктүү терезе” борборлорунун Республика боюнча ачылышы Кыргызстандын бардык жарандарына тез жана сапаттуу кызмат берүүнүн деңгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын  реформалоо алкагында ачылууда.  Жогоруда аталган иш-чаралардын соңунда министр Талас облустук ички иштер башкармалыгынын  жаңы  берилген соттолуучуларды ташуучу жана кызматтык автоунаалардын учурдагы абалы менен  таанышты.

Иш-чаранын аягында ички иштер министри облустук ички иштер башкармалыгынын уюштуруучулук иши жана материалдык-техникалык камсыздоо, анын ичинде кызматтык  автоунаа каражаттарынын абалы менен таанышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: