Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реаблитиациядан өткөрүү күтүлүүдө, каржылоо 500 млн. сомго көбөйтүлөт

Бөлүшүү:

«Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.

Президент белгилегендей, таза суу – элдин ден соолугунун кепили. Жыл сайын ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8млрд сомдон ашык чыгымга алып келет.

«Аймактарда таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, 2018-жылы 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, эгерде 2014 – жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо, 2018 – жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: