Menu

Казакстанда социалдык түйүндө сурамжылоо жүргүзгөн эки адамга айыппул салынды

Бөлүшүү:

Казакстанда алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу социалдык түйүндөрдө сурамжылоо жүргүзгөн эки жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 23-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-майда Алматынын тургуну «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө президенттик шайлоо темасында сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн 37 875 теңге (100 долларга жакын) айыпка жыгылды. Алматы облусунун дагы бир жашоочусу ушул эле темада «Фейсбукта» сурамжылоо жүргүзүп, ал дагы жогорудагыдай өлчөмдө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоо тууралуу сурамжылоолорду каттоодон өткөн жана бул багытта беш жылдан кем эмес тажрыйбага ээ юридикалык жактар гана жүргүзө алышат. Ошол эле маалда алар бул ниети тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө алдын ала кабар бериши керек болот.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Ага жети талапкер (бирөөсү казак тили боюнча сынактан өтпөй) катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: