Menu

«Аймактар үчүн Таза суу» Форуму

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында өткөн «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышты.

Мамлекет башчысы анда сөз сүйлөп, өлкө аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун негизги көйгөйлөрүнө жана зарыл чараларга токтолду.

Иш-чарада ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Азия боюнча вице-президенти Алан Пиллу, Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар чыгып сүйлөштү.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕРӨБ ортосунда суу тармактарын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга: Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу өткөрүү тутумдарын реабилитациялоо боюнча макулдашууга жана Жалал-Абад шаарынын суу өткөрүү тутумун жакшыртуу боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Инвестициялык эки долбоордун жалпы суммасы 15млн еврону түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: