Menu

Иманкадыр менен Идристен сабак алалы…

Бөлүшүү:

Өкмөттө ызы-чуу. Бирок, Иманкадыр Рысалиевдин чатагы бир сыйра өкмөттү тазалап койгондой болду. Иманкадыр өзү шыпырылып түшкөнү эле чоң сабак болбостон, аппарат жетекчилиги да айдалды. Андан кийин байланыш боюнча мамкомитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кетти. Анын ордуна Дастан Догоев дайындала турганын уккан жарандык коом катуу сүйүнүп, жакшы сөздөрүн аяган жок. Балким, чын эле ушул сыяктуу чечимдери аркылуу премьерибиз Мухамметкалый Абылгазиев кайра коомчулук менен тил табышып, ишенимин кайтара алат (!) деген үмүт да жаралды. Бирок, албетте, Иманкадыр уюштурган паспорт чыры ошону менен эле чечилип калбайт. Тиги Литва компаниясынын 62 миллион евро доосу да турат. Жок, туугандар, бул жерде биз принципиалдуу бир чечимди күткөнүбүз оң. Биринчиден, Иманкадыр Рысалиев менен Идрис Кадыркулов экөө жөн жерден ачкан кылмыш иши кыскартылышы керек. Талант Абдуллаев сыяктуу билимдүү жаштарыбыз баары бошотулуп, өз иш орундарына кайтарылып келиши милдет. Анан, албетте, өкмөт бийлигин далилдеп, атайын кызматгардын эле айткандарын ээрчий бербей, мыйзамдуу өткөрүлгөн тендердин да жыйынтыгын бекитип бергенде гана Абылгазиевдин өкмөтү толук кандуу күчкө ээ болду десек болот.

Эмир Байкалов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: