Menu

ИИМ: Министрликте үй-бүлөлүк башкаруу деген түшүнүк жок

Бөлүшүү:

“Эгерде коомдо ар кандай деңгээлде үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу сөз болуп жаткан болсо, анда анын ИИМге эч кандай тиешеси жок” деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы. Бул “Азия news” гезитинен чыккан маалыматтан улам айтылды. Аталган макалада көрсөтүлгөндөрдүн ар бирине токтоло кетели:

Бишкек ШИИББнын Октябрь РИИБүнүн орун басары А.Бекназаровдун атасы министрдин досу деди. Анын атасы менен министрдин эч кандай достугу жок. Октябрь РИИБүнүн орун басары кечээ көктөн түшө калган жок. Ал 2005-2010-жылдары Россиянын Санкт-Питербург шаарындагы ИИМ Академиясын бүтүрүп  келгенден кийин Октябрь РИИБүндө кылмыш иликтөө кызматында ишмердүүлүгүн баштаган. Кылмыш иликтөө кызматынын катардагы ыкчам өкүлүнөн баштап кылмыш иликтөө кызматынын  жетекчилигине чейин кылган кызматына жараша өсүп жетилди. Бишкек ШИИББнын жетекчилигинин сунушу менен ал Октябрь РИИБүнүн орун басары болуп 2018-жылы дайындалган. Бул жерде кызматтык жетишкендиктиги, ошо райондогу ыкчам абалды мыкты билгендиги жана кесипкөйлүгү эске алынгандыгын белгилейбиз.

Ал эми ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын бөлүм башчысы Жыргал Шабралиевди министрдин бажасы деген да жалган кеп, ал министрдин кайын атасынын инисинин кызынын күйөөсү экендигин жана министр менен Ж.Шабралиевдин  ортосунда эч кандай туугандык карым-катнаш байланыш болбогондугун дагы белгилейбиз.

Эми Жыргал Шабралиевдин өзү тууралуу. Ал деген милицияга өз өмүрүн 1993-жылдан баштап арнаган. Ал Бишкек шаардык милициясынын катардагы кайгуул күзөт кызматында, кийин кылмыш иликтөө кызматында ондогон жылдар убакытта иштеп жүрүп, 2010—жылы эле ИИМдин кылмыш иликтөө кызматынын бөлүм башчылыгына дайындалган. Кийин бир жылдай Бишкек ШИИББнын Ленин  РИИБүндө, андан соң Биринчи Май РИИБүндө начальниктин орун басары болуп иштеп турганда кызматынан мыйзамсыз айдалган. Бирок ал эки айдын ичинде сотко кайрылып, анын жыйынтыгында соттун чечими менен кайра ИИМге мурдагы кызмат ордуна дайындалган болчу. Милициянын катарындагы
27-жылдын 17 жылын кылмыш иликтөө кызматында, анын тогуз жылын ИИМде бөлүм башчылык кызматында иштеген офицердин кесипкөйлүгү министри жок эле өздүк курам арасында дайыма жакшы бааланып келген.

Ал эми Б.Матмусаев менен У.Ниязбековдордун министрге эч кандай туугандыгы жок, министрдин командасында жүздөгөн жетекчилер катарында өздөрүнө тагылган кызматтык милдеттерин аткарып келишүүдө. Эми Улук Сапаров боюнча ал милицияда ишин 2010-жылы Ысык-Көл РИИБүндө аймактык  тескөөчү, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам өкүлү, Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн ротасынын командири, 2015-жылы эле Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Ал кезде К.Джунушалиев министр болуп иштеген эмес жана Улук Сапаров райондук деңгээлдеги күзөт кызматын гана башкарып, кызматтык милдеттерин так аткарып келүүдө. Күйөө бала экендигинде сөз жок, бирок Кыргызстандагы ар бир күйөө баланын өз кадыр-баркы жана өз жолу бар экендигин ар бир кыргыз жакшы түшүнөт деген ойдобуз. Сегиз жылдан бери күзөт бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеп жатканында министрдин эч кандай тиешеси жок. К.Джунушалиев ИИМде сегиз жыл министр болгон жок го.

Милициянын ичинде күйөө бала, тууган, дос, куда-сөөк, бажа, бир туугандар дегендер жүздөп саналат, анткени биз Кыргызстанда жашап жатабыз, алакандай элбиз, ар бир милиционердин, ар бир милициянын  ардагерлеринин жүздөгөн тууган-уругу, куда-сөөгү бар, бирок алардын бири да кызматтык милдеттерин аткарууда эч кимге токонаалат кылышпайт жана мыйзам чегинде кызматтык милдеттерин эки эселеп мыктылап аткарганга аракет кылышат жана өздөрүнүн милдеттерин аркалап келишүүдө.

Ошол себептүү газетада аты аталгандар  ИИМге К.Джунушалиев министр болуп иштегенге чейин эле өзүлөрүнүн иштеп жаткан ордуларына татыктуу жана турмуштук жактан да, кесиптик да жактан ондогон жылдар өздөрүнүн багытында, милициянын оош-кыйыш, түмөн түйшүгүн баштарынан кечирип, карапайым катардагы милициядан жетекчиликке чейин жетишкендиги белгилүү. Алар бүгүн да эч кандай туугандыгы жок эле өздөрүнүн кесипкөйлүгү менен кызматтык милдеттерин аткарып келе жатышкандыгын белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: