Menu

Курортту майкандаган классташтар

Бөлүшүү:

Жаңыдан Мирбек Асанакунов профсоюздар федерациясына жетекчи болуп келгенде кадрлык реформаларды жасоого умтулган. Чү дегенде эле Жалал-Абаддагы курорттун чоңу Максат Абышкаевди кызматтан кетирген. Анткени анын иштеринде финансылык кемчиликтер болгонун текшерүүчүлөр чукуп чыгышкан. Кыска убакытта жаңыдан кызматка келген Эрмек Баланчаев экономикалык жактан секирип жасап, эмгек жамаатын сүйүндүргөн эле. Тилекке каршы Асанакуновдун кадамдарына “тикендүү зым” койгондор чуручуу жасай беришип, реформанын арымдуу жүрүшүнө тоскоолдук келтиришти. Туш тараптан соккулар берилип, эмдигиче ал күүсүнөн тая элек.

Ал эми Жалал-Абад курортун кайрадан Макең “менчиктеп” алып каалагандай ишин жасап жаткан кербези. Баягыл эле курортту майкандоого көндүм болуп калган классташтарын топтоп, элдин талабына маани бербей тайраңдап жүрүшөт. Аларга туура сөзүн айткандарды ооздуктап коюга кудурети жетет. Жумалы Апиев, Бекен Сатыгулов деген классташтары аркылуу “көмүскө” иштерди жүргүзүп билермандар эч кимди тоотпой калышты. Келген текшерүүчүлөрдү болсо оңой эле мурдунан жетелеп алышат. Анткени колунда майлуу токочу бар да. Кейпи кетип, кунары соолуган курортту калыбына келтирүүгө, жок дегенде санитардык талаптарды аткарууга моюндары жар бербей турат.

Тигил облусттун жетекчилери, башка тармактардын тың чыкмалары деле кийлигишейин деген ниеттери жок. Болгону өтүнүчтөрү орундалып турса эсеп. Өтүгүн майрыйта кийип курорттун каймагын калпып жегендерди жеңинен тартып коер жан жогу ичти эзет. Республикадыгы ак жакалуулар болсо ички таймаштардан колу тийбейт. Бир жагынан шайлоо деген саясий кампания босогого келип калбадыбы. Кайран ыйык жерден очок алып, каралбай калган курорттун абалын эми ким кыраатына келтирет? Борбордогу жетекчинин болсо аларга каш какканга акыбалы жетпейт. Айтор, кудалар, бажалар, өкүл балдар, классташтар жыргай берише тургандай абал жаралды. Демократия болбосоң кое кал…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: