Menu

Мурашевге “кара көлөч” сыйлыгы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Улуттук ишкерлер клубу дүйшөмбүдө жыйын куруп, өкмөт мүчөлөрүн баалады.

Ишкерлердин добушу менен айыл чарба министри Нурбек Мурашев эң төмөн баага татып, «кара көлөч» сыйлыгына арзыды. Мурашев буга чейин да көп жолу сындын бутагында болгону белгилүү. Нурбек Мурашев 2016-жылдын аягында айыл чарба министри болуп дайындалган. Адеп кызматка келгенде эле Өзбекстанга картөшкө экспорттоорун айткан эле. Бирок министр дал ушул маселеге байланыштуу сындан башы чыкпай келет. Былтыр Өзбекстан Кыргызстандан жарытылуу картөшкө сатып албай, өлкө ичинде анын баасы кескин түшүп кеткен. Өндүрүмү ороосунда чирип жатканын айтып, дыйкандар эмгиче даттанып жүрүшөт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: