Menu

Фото – ЕККУ ИИМге 150 компьютерди толук жабдуусу менен тапшырды

Бөлүшүү:

2019-жылдын  24-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында ЕККУнун    Бишкектеги Программалык кеңсеси 150 компьютерди толук жабдуусу (ар бир комплект өзүнө   1
компьютер жана 1 көп функционалдуу техниканы (принтер, сканер, ксерокс) камтыйт) менен тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ИИМдин  басма сөз кызматы билдирди.

Тапшырылган  копьютердик  жабдыктар  “Кылмыштардын  жана жоруктардын бирдиктүү реестри” электрондук база топтому менен иштөө боюнча ички иштер органдарынын техникалык абалын жакшыртат.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Элчи Пьер фон  Аркс, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары жана Кыргыз   Республикасынын  ИИМдин  Борбордук аппаратынын кызматтарынын жана башкармалыктарынын башчылары катышышты.

“ЕККУ жүргүзүлүп  жаткан   соттук   реформага чоң колдоосун көрсөтүп келүүдө. Укук коргоо органдарынын  кызматкерлерин окутууда дагы, техникалык жана эксперттик колдоодо дагы өз салымдарын кошушууда.  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага кошкон  салымы зор. Андан сырткары, тапшырылган жабдыктар республика боюнча ички иштер органдарына тапшырылып берилет”,-деп  Вице-премьер-министр билдирди. Элчи  Пьер фон Аркс, берилген техникалык  жабдыктар жаңы, ал Кыргызстанда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин
киргизүүдө жардам көрсөтө тургандыгын айтты. Андан сырткары, ЕККУ аймактарга техникалык жабдыктарды жеткирүүгө жардам берет.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев,  Кыргыз  Республикасынын ИИМи менен тыгыз кызматташкандыгы жана көрсөткөн колдоолору үчүн Элчи Пьер
фон Аркска, андан сырткары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине ыраазычылыгын   билдирди.

“Жеке  өзүм  Элчи  Пьер  фон   Аркска   жана   ЕККУнун   Бишкектеги Программалык   кеңсесине    көрсөткөн  жардамы  үчүн   ыраазычылыгымды билдиргим   келет.  Ошондой эле,   биздин  ийгиликтүү кызматташуубуз  мындан ары дагы уланып, мындан да жакшы жогорку деңгээлге жетет деген ойдомун”,-деп баса белгиледи.

Эске салабыз, 2019-жылдын 1-январынан баштап “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри”    автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштей баштап,  Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдарына орнотулду. Аталган реестр жаңы кылмыш  жана жазык-процесстик кодекстердин күчүнө  киришине байланыштуу ишке киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: