Menu

Жолдошум Россияга кетип, ошол бойдон бизге келбей койду…

Бөлүшүү:

Кыргыздар миграциянын запкысын жакшы эле тартып бүткөндөйбүз. Канчалаган балдар ата-эненин мээриминен өксү болуп, тирүүлөй жетим өсүп жатышат. Улуттун келечеги эртең каякка барат? Мээрим көрбөй көрүнгөндүн ур-соккусунда чоңойгон балдар эртең биздин бакубат карылыгыбызды камсыздайт деген кепилдик кимде бар? Жакында эле туугандарына таштап Россияга кеткен бир эмес, эки мекендешибиздин балдары, жакындары тарабынан ур-тепкиге алынып, алды машинага сүйрөлүп психологиялык травма алса, арты өлүм менен аяктады. Булар билингени, а билинбегени канча дейсиз? Эми канчага чейин эле балдар кор болуп жашайт? Мына ушундай туңгуюк ойлор менен запкы тартып жаткан дагы бир мекендешибиз жашыруун кат жолдогон.

– Саламатсыздарбы “Фабула пресс” гезитинин редакциясы. Ичимдеги дартты жазбасам, айта турган адамым жок. Мүмкүнчүлүк болсо бугумду сиздердин гезит аркылуу бөлүшүүгө уруксат бериңиздер. Мындан 4 жыл мурда жолдошум экөөбүз баш коштук. Жетпеген турмуштун запкысын аябай тарттык. Айына 6000 сом таап батирге төлөй албай ары-бери чарпылдык. Уулубуз төрөлгөнү ого бетер эле кыйынчылыктын запкысын аябай тарттык. Кийим-кече дегенден үмүт үзүп, эптеп эле айдан-айга жетип курсак тойгузуунун амалын көздөп 3 жылга жакын жашадык. Жолдошум улам бир ишке кирип иштеп жатты. Туруктуу ишибиз жок болгондуктан жалданып иштеп жүрдүк.

“Кайсы гана бала бакчага барба, бакчага кабыл алыш үчүн 10 миң сомдон кем эмес акча сурашат экен…”

– Уулубузду балдар бакчасына берип, жолдошума жардам берейин десем кайсы гана мамлекеттик бала бакчага барба, 10 миң сомдон кем эмес акча сурашат экен. Бизде бул жазылбаган мыйзам качанкыга чейин өкүм сүрөт? Бул системаны ким көзөмөлдөйт? Кезекке тургула дегенинен райондук акимчиликке
бардык. Кезекти эсептеп көрсөк уулубуз 7 жашка чыкканда араң келет экен. Мындай мамлекеттин келечеги барбы? Тынымсыз жер-жердин баарына мечит салып ыймандуу болгонубуз аябай жакшы. Бирок бала бакча, мектептерди курушса болбойбу? Жеке бала бакчаларга барсак, айына эң арзаны 10 миң сомдон алышат экен. Кекиртекке акча таппай жүргөн жаш үй-бүлөлөр кантип балдарын багат анан? Мына ушундай азап-тозок менен бала бакча таппай, баланы өзүм карап үйдө отуруп калдым. Мендей болуп акчага жетпеген бир келиндин баласын айына 3000 сомдон багып жолдошума жардам берип жүрдүм. Бирок мындай оор кырдаалга экөөбүз тең чыдай алган жокпуз.

“Россияга барып деле жыргаган жокпуз…”

– Эмне деген күндө да өз турмушуңду куруп кете албасаң ата-энеңе түшкөн түйшүк болот турбайсыңбы. 2 жашар уулубузду айылга алып барып, ата-энемди кыйнап эле таштап кетейин дедим. Жолдошум экөөбүз ээрчишип алып Россияга бардык. Ал көчө шыпырат, мен болсо официант болуп иштеп калдык. Ал жактагы жашоо мындан да татаал. Өмүрү көрбөгөн бир адамдар менен тыгылып бир комнатада уктайбыз. Күнүгө уруш-талаш. Жолдошум өз туугандарына акча салам деп чыкты. Мен өз туугандарыма акча салам дейм, себеби баланы багып жатышат да. Акчадан улам экөөбүздүн ортобуздагы сый кете баштады. Бара-бара эки башка эле адамдардай муздак мамилеге өттүк. Бирок эң эле кыйыны Кыргызстандан кетип бара жатканда эле боюмда 2 айлык балам бар экен. Россиянын климатынан улам ооруп жатат окшойм деп ойлогом. Бирок андай эмес экен. Бир жолу иштеп жүрүп катуу жыгылдым. Ооруканага барсак боюңда бар дешти. Мындай себептен улам бир аз эле иштеп Кыргызстанга кайтууга аргасыз болдум. Азыр ата-энем менен турам. Колумда балам бар, курсагымдагы балама 7 айдай болуп калды. Жолдошум баягы мен кеткен бойдон дайынсыз. Номерлеримди кара тизмеге киргизип салып таптакыр жооп бербей жатат.

Камдап келген акча түгөндү. Ата-энемдикине батпай калдым. Өзүң батсаң да, балаң келинге батпайт экен. Ары тур, бери тур деп аны урушкан сайын жүрөгүм канайт. Бараар жерим таптакыр жок, ичим челкейип чоңоюп калды. Эми кандай айла кылам? Кайын журтума барсам “Силер урушуп, ажырашабыз деген турбайсыңарбы, баламдын көңүлү калыптыр” – деп эшиктерин жаап алышты. Мен эми каякка барам?

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: