Menu

Өзбекстанда жүргүнчү ташыган автобустар түнкүсүн кайгуул унааларынын коштоосунда жүрө баштайт

Бөлүшүү:

1-сентябрдан тарта Өзбекстанда жүргүнчү ташыган автобустар түнкүсүн Жол кайгуул кызматынын унааларынын коштоосунда гана жүрө баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинин токтомунда жазылган.

Мындай эреже өлкө ичиндеги жана эл аралык каттамдарды аткарган, ошондой эле балдарды жана туристтерди ташыган автобустарга тиешелүү болот.

Токтомго ылайык, бул багыттар боюнча каттамдарды аткарган компаниялар 1-сентябрдан тарта автобустарына айдоочулардын чарчаганын көзөмөлдөп турчу атайын түзмөктөрдү орнотууга милдеттүү болушат. Каттамдардын ортосунда 12 сааттан аз убакыт эс алган айдоочулардын жолго чыгышына уруксат берилбейт. Мындан тышкары 2021-жылдын 1-январынан тарта пайдалануу мөөнөтү 15 жылдан ашкан автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат.

Быйыл апрелдин аягында Ташкент облусунда мектеп окуучуларын алып бараткан автобус кырсыкка учурап, өрттөнүп кеткен. Анда жалпысынан 37 окуучу, үч мугалим, он ата-эне жана үч айдоочу болгон. Бактыга жараша анда бардык жүргүнчүлөрдү эвакуациялоого мүмкүн болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: