Menu

ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүү

Бөлүшүү:

«ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана глобалдык чакырыктарга ээ экендигин эске алуу менен трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана глобалдык чакырыктарга ээ экендигин эске алуу менен трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүү. ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМК катализатор боло алат.

«ШКУ бирдиктүү маалымат аймагында позитивдүү контентке ээ экендиги абдан маанилүү. Бул үчүн бардык негиздер бар — саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда күчтүү жаратмандык менен иш алып барылууда. Мындай шартта ШКУга кирген мамлекеттердин медиа коомчулугунун конструктивдүү диалогунун ролу өзгөчө өсүүдө», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Президент баса белгилегендей, журналисттер жалпы ШКУнун мейкиндигиндеги бүгүнкү күндө ишке ашып жаткан бардык идеялардын, демилгелердин жана программалардын чагылдыруучусу болуп саналат.

«Биздин улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана болбостон, талантуу журналист да болгон, ал бир ирет: „Биз баарыбыз бир кемедебиз, борт артында космостук чексиздик“ деп жазган. Саясий түрдүү айырмачылыктарга карабастан, биздин өлкөлөрдүн экономикалык деңгээлин өнүктүрүүдө баарыбыз биргебиз», — деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: