Menu

Тажик мигранты депортация тууралуу сот чечимине даттанууда

Бөлүшүү:

Орусияда Тажикстандын жараны аны депортация кылуу тууралуу төмөнкү баскычтагы соттун чечимине даттанды. Бул иш боюнча отурум 10-июнга белгиленди.

Сот Тажикстандын 24 жаштагы жараны Рустамжон Сариковду жол эрежин бузган деп айыптап, аны департация кылуу жана Орусиянын аймагына кирүүгө үч жылга тыюу салуу чечимин чыгарган. Бирок Сариков өзү бул чечимди мыйзамсыз деп эсептөөдө. Ал Орусияда 2012-жылдан бери иштеп, туруктуу жашап келет.

Адвокат Ольга Цейтлин соттун чечими Сариковдун жубайы Виктория Вербицкаянын укуктарын бузуп жатканын билдирди. Анын айтымында, «эгер күйөөсү депортацияланса, ал социалдык жардамсыз калат». «Сариковдун жубайы эч жерде иштебейт. Күйөөсү депортацияланса үч жаштагы уулу жана жаңы төрөлгөн кызы менен багар-көрөрү жок жалгыз калат», — деди адвокат.

«Мемориал» укук коргоо борборунун адиси Стефания Кулаева «Сариковдун Орусия аймагында жашоосуна эч кандай тоскоолдук болбошу керектигин» билдирди.

«Бул өлкөдө анын жубайы жана эки баласы бар. Эгер ал депортацияланса, анда адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосун сыйлоо укугун аныктаган Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 8-беренеси бузулат. Буга чейин сотто бул беренени колдонуп жеңишке жеткен бир нече учур болгон», – деди Кулаева.

Ал адамды жол эрежесин бузгандыгы үчүн гана депортациялоо мыйзамга каршы келе турганын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: