Menu

Өзбекстанда медицина кызматкерлери кайрадан көчө тазалашууда

Бөлүшүү:

Чиназ райондук ооруканасынын ак халат кийген ондогон кызматкери колдоруна кетмен кармап, отоо жулуп, таштанды терип, медициналык мекеменин айланасын тазалап жүрүшкөн учуру тартылган видео тарады. Тасмада дагы үч ак халатчан аялдын эс алып отурганын көрүүгө болот.

“Азаттыктын” өзбек кызматы менен байланышкан медайымдар бул аялдардын экөө башкы жана улуу медайым экенин, алар күн сайын оорукананын аймагын тазалатууга мажбурлашарын билдиришүүдө.

Чиназ райондук бириктирилген ооруканасынын улуу медайымы Дилором Холкузиева медайымдар жана техникалык кызматкерлер район башчысынын буйругу менен тазалык иштерине чыгышарын, өзү да кол кабыш кыларын айтты. Ал кызматкерлер бул ишти өз ыктыярлары менен жасап жатышканын кошумчалады.

Оруукананын атын атагысы келбеген башка бир кызматкери алар тазалык иштери менен алектенип жүргөндө, бейтаптар кароосуз калып жатканын белгиледи.

13-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун активдери менен жолугушуу учурунда мугалимдер менен дарыгерлерге көчө шыпыртуу – ага, анын саясатына карата чыккынчылык кылуу экенин билдирген. Өзбек лидери бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди мажбурлап коомдук иштерге тарткандар жаза алышарын эскерткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: