Menu

ИИМ – Москвада кыргызстандык жарандын өлүмү: Денеде күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер жок

Бөлүшүү:

2019-жылдын 23-май күнү айрым маалыматтык агенттиктерде “Москвадагы батирде Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылды” аталышындагы материал жарыяланган. Анда, 21- май күнү россиянын борборундагы көп кабаттуу турак-жайдын батиринде жашаган аял кишинин жансыз денесинин  табылгандыгы жана батирден баалуу буюмдар  жоголуп кеткендиги маалымдалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү маалыматты тактоо максатында билдирет, аталган факты боюнча Россиянын ИИМдин Пресненск району боюнча нөөмөт бөлүгүнө 2019-жылдын 19-май күнү саат 23:10 чамасында билдирүү түшкөн. Полиция кызматкерлери келген учурда Кыргыз Республикасынын 1979-жылы туулган К.З. аттуу тургунунун киши күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилери жок жансыз денеси табылган. Ал Россиянын жараны болуп эсептелип, Тверь облусунун Сонков районунун Полнино айылында катталган.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Борбордук административдик округу боюнча Пресненск  аймактар аралык Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү  тершерүү жүргүзүп жатат.  Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча медициналык эспертиза дайындалып, анын корутундусу чыккандан кийин  чаралар көрүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы кийинчерээк билинет.

Азыркы учурда К.З. аттуунун туугандары “ЖҮК-200” кичи мекенине жөнөтүштү. Аталган факты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: