Жакырчылыктын балдарга тийгизген таасирин талкуулаган «Ачык диалог» конференциясында балдарга инвестиция жумшоо учурдун талабы экени айтылды. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
Конференцияда экс-президидент Роза Отунбаева кооз сөздөр менен чыгып сүйлөп, элди таңгалдырды. Анын айткан кооз сөздөрүн угуп, “Эх Роза Отунбаева, өзүң бийликте турганда эмнеге ушуну жасабадың? Саясый эрк жок болдубу? Эгер убакыт жетишпесе эмнеге президенттик шайлоого барбоо боюнча Текебаевдин сунушуна макул болдуң? Эгер шайлоого барганыңда ошол кезде балким көпчүлүк колдооп кетээр беле. Атамбаевге караганда кирди-чыкты акылың бар го?” деген ойлор келди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ