Бүгүн, 25-майда Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды. Мусакеевге Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алдында ага Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде иш козголгон. Ага Бишкекте элиталык батирлер, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер тилкелери таандык экени айтылган.
Дамир Мусакеев өзү бул айыптарды «карандай калп» деп четке каккан. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ал атасы мал, картөшкө, алма сатып тапкан акчасына Бишкектин четинен жер тилкелерин сатып алганы анык экенин ырастаган. Бирок анын баары баласы жогорку кызматка дайындалганга чейинки оокаты экенин, ошол жерлерде кура баштаган тамдар дагы эле бүтпөй турганын айтып берген. Тандалма батирлер боюнча айыптоо да негизсиз экенин айткан Мусакеев ага карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирген: “Атамбаевдин жанында ким калса, ага чын жүрөгүнөн кызмат кылса Дамир Мусакеевдикиндей тагдыр күтөт” деп алыстан коркутуу баштады. Бул куугунтук болбогондо эмне? Мен Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүрбөсөм мага карата иш да козголбойт болчу. Мен ээлеген кызматты булар текшере берип ал жактагы кагаздар айрылайын деп калды. Мен төрт бир тууганмын. Төртөөбүз тең эр жетип турабыз, кичүү иним 26 жашта. Баарыбыз иштейбиз. Буюмдарымды «Азаттыктын» кабарчысы менен чогуу барып ар бир мыгына чейин санап бергенге даярмын. Ошол эле каймана аты бар миллионер аткаминерлер ошентип көрсөтө алат бекен? Жанагы жарыяланган тизменин арасына мен туулуп-өскөн үйдү да «атасына катталган» деп базар баасы менен эсептеп киргизип коюшуптур. Ал атам өзү салган үй да. Бул таптакыр абсурд!».
Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) 2016-2018-жылдары башкарган. Анын айтымында, өзүнө катталган бир да кыймылсыз мүлк жок.
https://www.youtube.com/watch?v=WIcgBnt3BQo
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ