Menu

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков экономикалык дипломатия боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында экономикалык дипломатия боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консультативдик топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жана Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Япониянын, Корея Республикасынын, Венгриянын, Румыниянын, Түркиянын, Франциянын, Бельгиянын бизнес-коомчулугу менен кызматташтыкты күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

Өкмөттүк эмес коммерциялык сектордун өкүлдөрү жогоруда аталган  өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды киргизип, долбоорлорду илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин Кыргызстандын бизнес коомчулугуна көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргызстандын бизнес ассоциацияларын кызыктырган бардык суроолор боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Катышуучулар тарабынан бизнесмендердин кызыкчылыгын коргоо механизмдерин изилдөө, арбитраждык сотторду өз ара таануу, визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сунуштар жана башка каалоо-тилектер айтылды.

Жалпысынан, КР ТИМ менен бизнес ассоциациялардын ортосундагы өз ара аракеттенүү активдүү боло баштаганы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: