Menu

Кабыл Макешов, журналист: Акыркы коңгуроодогу эң мыкты белек

Бөлүшүү:

Өлкө боюнча бардык мектептерде 25-майда Акыркы коңгуроо салтанаты уюштурулду.

Өткөн ишемби күнү Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы соңуна чыгып, акыркы коңгуроо кагылып, мектептен кезектеги бүтүрүүчүлөр чоң турмуш жолуна сапар алышты.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жайгашкан 4,12, 41, 51, 52, 76, 85 орто мектептерге, Улуттук Компьютердик гимназияга, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жамаатына, окуучуларына жана Свердлов районунун №5 китепканасынын жамаатына коомдук ишмер, Бишкек шаардык Кеңешинин экс- депутаты, Ленин районун экс-акими, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо  федерациясынын Ардактуу президенти, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Ырысбек Мааткабылов доорубуздун даанышман залкар инсаны, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата чыгарылган 10 томдон турган чыгармаларынын толук жыйнагын баалуу белек катары тартуулады.

-Келечек ээлери болгон жеткинчектер, ардактуу окуучулар сиздер “А” тамгасын үйрөтүп, Ааламга билим-илим жолун ачкан биринчи мугалимиңерди, билим уясы мектебиңерди унутпай, бийик максаттарга умтулуп, илим-билим максат марасында жетип, Ата мекенге, эл-журтка, Кыргызстанга ак, адал кызмат кылып, өлкөбүздү дүйнөгө Чыңгыз атадай болуп таанытып, ар күнү Адам болууга умтулуп, адептүү, ыймандуу, ар-намыстуу мекенчил инсандардан болуп, мамлекетибиздин, борбор шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген тилектемин.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай”, “Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат” дегендей билим ар дайым адамга канат болуп, жанып турган чырактай келечекке жол көрсөтөт. Билимдин кени китепте, билимдүү адамга дүйнө жарык болоорун эстеп жүргүлө. Ошондуктан бул китептер сиздердин билимиңерди тереңдетип, дүйнө таанымыңарды кеңейтсин. Ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн бул мектептеги акыркы коңгурооңор болсону менен келечек бийик максаттарга чакырган чоң турмуштун эшигин ачкан коңгуроо болсун -, деди коомдук ишмер Ырысбек Мааткабылов.

– Окуу жайыбызга бүтүрүүчүлөр ар кандай белектерди тартуулашат. Бирок, эң баалуу белек болуп Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата чыгарылган 10 томдон турган чыгармаларынын толук жыйнагы болду. Келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган спортчулардын интеллект, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн Айтматовдун чыгармалары баа жеткис байлык болуп саналат. Спортчуларыбыз билегин гана чыңдабай, илим-билимге дагы умтулуп, ушундай китептерди дагы окушу зарыл. Спортчуларды ар дайым колдоого алып, демөөрчүлүк жардамын аябай жүргөн коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенти Ырысбек Мааткабыловго ыраазычылык билдиребиз,-деди Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Кадырбек Эргешов.

-Акыркы коңгуроо бардык КМШ мамлекеттериндегидей эле Кыргызстанга да СССРден калган мурас. Алгачкы жолу бул майрам 1948-жылы 25-майда Москванын №182 мектебинде белгиленген. Бүтүрүүчүлөргө арналган акыркы коңгуроо кагуу демилгеси РСФСРдин эмгек сиңирген мугалими, советтик педагог
Федор Брюховецкийге таандык. Быйыл менин Нарын шаарындагы №2 Чкалов орто мектебин аяктаганыма 40 жыл болду. Ар жыл сайын мектептердеги акыркы коңгуроо салтанаттарына катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, батамды берип, кыргыз обон күүлөрүн белек катары тартуулап жүрсөм дагы окуучулук
алтын күндөрүм эсиме түшүп, көңүлүм толуп турат. Бул күнү дагы болочок чемпиондордун ар-намысын ойготуп, Кыргызстандын желегин дүйнө, Азия чемпионаттарында, Олимпиада оюндарда желбиретип, жеңиштерге жетүүсүн тилек кылып, көкүрөгүнө намыс отун тутандырып, ыр-күү тартууладым. Чынын айтайын белектердин эң мыктысы Ырысбек Мааткабылов тартуулаган Чыңгыз Айтматовдун 10 томдук чыгармаларынын толук жыйнагы болду, – деди Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев.

Бул күнү да адатта мектепти аяктап жаткан кыздар-балдар окуучунун формасын кийип, акыркы убакта "Бүтүрүүчү" деген жазуусу бар ленталарды тагынып, жаркын маанайда жүрүштү. Бардык мектептерде салтанаттуу линейкалар өтүп, агай-эжелерине ыраазычылыктарын билдиришип, ыр-күүлөр жаңырды. Анан мектепти аяктап жаткан балдардын бири ийинине 1-класстын окуучу кызын отургузуп, ал
коңгуроо кагып өттү.

Быйыл Кыргызстан боюнча 50 миң бала 11-классты жана 90 миңден ашык окуучу 9-классты аяктады.

Кабыл Макешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: