Жерди деле катуу тепсең үн чыгат. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди коомчулук канчалык ур-тепкиге алып сындаса дагы, бир жолу үн катып койгонго жарабады. Саламаттыкты сактоо тармагы күндөн-күнгө ирип баратканын ким калп деп айта алат? Же Космосбек мырза бул тармакты жөндөй албай жатканы калп сөзбү? Фарммафиясын токтотконго эч кимдин күчү жетпей калганын кантип танабыз? Коррупциянын айынан капчыгы жука карапайым калк ооруканаларга көрүнө албай жатканын министр укпайт, көрбөйт дегенге ким ишенет? Чолпонбаевди министр кылып дайындап жатканда Өкмөт башчы депутаттарга “Бул менеджер. Саламаттыкты сактоо тармагын иретке келтирүү үчүн жарым жыл убакыт берем. Ишти алып кете албаса алмаштырам” деп бир жыл мурун сөз берген. Бир жылдан бери Космосбектин реформасынан дайын жок, өзү кыйшайбай эле креслодо олтурат. Ушундай кадрлар элдин бийликке болгон ишенимин кетирип жатат да.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ