Menu

Өзбекстанда эки окуучу токко урунуп мерт болду

Бөлүшүү:

22-майда Наманган облусунун Пап районунда 11-класстын эки окуучусу электр тогуна урунуп каза тапты.

67-мектептин директору Гүлнара Кадырова трагедия сабактан кийин болгонун билдирди.

– Балдар мектептен чыгып, үйлөрүнө жөнөшкөн. Жолдо алар кафеге кирип, балмуздак алууну чечишкен. Бул убакытта кафе кызматкерлери балмуздак жасай турган аппараттагы токту жерге киргизүү үчүн анын эки зымын алып чыгып, арыкты бойлогон тосмого илип коюшкан. Балдардын бири арыкка колун жууйм деп, бир колу менен тосмону кармап, экинчи колун сууга салган. Ошол маалда аны ток тартып, арыкка кулаган. Классташы эмне болгонун түшүнбөй, арыкка түшүп, досун алып чыгам деген маалда аны дагы ток урган, – деди мектеп директору.

Анын айтымында, окуучулар ооруканага жетпей каза тапкан.

Укук коргоо органдары эки мектеп бүтүрүүчүсү балмуздак саткан кафенин жанынан өлгөнүн тастыкташты, бирок кеңири маалымат беришкен жок.

Маркум балдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: