Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Кыргызстандын 2018-2019-жылдардагы экономикасы өтө начар абалга кептелди. Бардык тармактарда бардак!”

Бөлүшүү:

Жашырганда эмне, ансыз деле эл баарын байкап турат, азыркы бийликтин өлкөнү алдыга жылдырууга жөндөмдөрү жетпей жатканын. Андан да тагыраагы азыркы «ум, честь, совесттер» мамлекеттин эртеңи үчүн болгон алтындай мүмкүнчүлүктөрүн бийликтин кызылдай эле күчүнө салып, мыйзамдуубу, мыйзамдуу эмеспи өткөн чак менен гана күрөш жүргүзүп келет. Бул көрүнүштү азыржамы-журттун баары сезип, көрүп жатат. «Эшегине жараша тушагы» болуп» өкмөтүбүз да Конституция боюнча эң чоң статуска ээ болуп турса да элдин жыргалчылыгын артырууда колдорунан кокон тыйын келбей атканы теменени мүшөккө каткандай эле кеп болуп жатпат. Жалаң кагаз бетиндеги жел цифралар менен «өнүгүп-өсүп баратканыбызды» беттери бир кызарбай айтып мактанышууда. Ал эми реалдуу турмушта элдин социалдык маселеси күндөн-күнгө оорлоп баратат. Коомчулукта бай менен кедейлер деген түшүнүк ачыктан ачык эле көрүнө баштады. Социалдык маселе деген «кудалар» же «бажариктер» эмес, социалдык маселе деген коомдун стабилдүүлүгүнүн маховиги. Ушуну эл башындагылар эртерээк түшүнүп, күнөө өздөрүнүн жөндөмсүздүктөрүндө экенин сезишсе болмок. Азыр эми Ак үйү бүтүп Көк үйдөгү көзүрлөр да мамлекетибиздин жооптуу тармактарына жалаң тааныш, тууган- уруктарын шурудай тизип алганы ачыкка чыгып олтурат. Ал тууралуу чындыкты айтып чыккандарга өкмөттөгү чоңдорубуз эч бир уялбай өздөрүнүн маалымат кызматынын оозу менен «өкмөт башчысы жөнүндө айтылып жаткандар өкмөт башчысын атайы дискредитатциялоо кылуунун аракети» деп атышпайбы. Чушь!

Чоң калибрде делген депутаттардын бири Исхак Масалиев деле айтып чыкты: «Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы экономикасынын абалы өтө начар абалга кептелди. Бардык тармактарда бардак! Ага болбой эле өкмөт башчы кооз докладдарын окугандан эч уялбай койду. Абылгазиевдин иштей албай жатканы факт. Анда бир гана жол бар – отставкага кетүү, башка анын жолу жок» деп. Анан калса жакынкы учурларда эле М. Абылгазиевдин айланасында эмне деген гана ызы-чуулар болуп жаткан жок. Анын бардыгы далилденип жатат. Бир эле мисал: мамлекеттин 100 пайыз карамагында делген «Кыргызтелекомдун» туунду компаниясы болгон «КТ Мобайлда» анын жакын тааныштары өлкөдө жок айлык маяналарды алып отурганы кайсы абийрге сыят? Мисалы аталган компаниянын генералдык директору 350 миң, орун басары 300 миң, техникалык директору 290 миң сом алышат экен деген эл ичинде уу-дуу болуп жаткан кептер деле «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей бекеринен чыккан жок. Адатта ушундай ызы-чуудан кийин цивилизациялуу мамлекеттерде жооптуу кызматтагы мамлекеттик чиновниктер өз кызматын өткөрүп берет. Биздин чиновниктерибизде болсо эл эмне дейт деген сезим жоктой, по фиг!

Күлчоро Кабылов

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: