Menu

УКМК кызматкери Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом пара талап кылганбы?

Бөлүшүү:

“Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма”, – демекчи, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кыла турган жана коррупцияга каршы күрөшүүчү башкы мекеменин башчысы баш болуп, коррупцияга шектелип жатса, анда бул органга ишенген президент, анын артындагы карапайым калк кайда барат же кимге ишенет? Өткөндө УКМКнын бир жыл иштеген төрагасы И. Кадыркулов паспорт тендерине байланыштуу отставкага кетсе, дагы бир кызматкери ири суммада пара алууга шектелип кармалды.

20-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети териштирүүнү токтотуу үчүн жарандан 350 миң сом пара талап кылган кызматкери акча алып жаткан маалда колго түшкөнү тууралуу өзү маалымат таратты.

Ага удаа Башкы прокуратуранын расмий сайтында: «УКМК кызматкери М.Ю. аттуу жаранды музейден кымбат баалуу картинаны уурдап кетүү фактысы боюнча 2013-жылы козголгон кылмыш иши менен опузалап, териштирүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылган. 16-майда жаран арыз менен Аскер прокуратурасына кайрылып, 17-майда чекист музей директорунун кабинетинен 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү», – деген маалымат жарыяланган.

Айрым маалыматтар боюнча, бул иштин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев менен байланышы болушу мүмкүн. Бүгүн айрым ЖМКлар музей директору Юристанбек Шыгаев 2013-жылы музейден Николай Сверчковдун «Ат менен ит» (1875-жыл) жана Николай Генин калемине таандык «Н.А. Бакуниндин портрети» (1871-жыл) картиналарын алып чыгып, кайра начар абалда кайтарып бергенин жазып чыгышкан. Ошондой эле, бул үчүн кызматтан бошотулушу мүмкүн экени айтылган.

Маданият министри Азамат Жамангулов түзүлгөн кырдаалдан кабары бар экенин билдирип, азыр бул боюнча атайын түзүлгөн комиссия териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгын, алардын корутундусу чыгаары менен расмий билдирүү жасаларын кошумчалады.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: