Menu

Хакасияда район башчысы “Россия-24” телеканалынын кабарчысына кол салды

Бөлүшүү:

Хакасиянын Ширин районунун башчысы, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Сергей Зайцев “Россия 24” каналынын кабарчысы Иван Литомине кол салды. Журналист республикада 2015-жылы болгон өрттүн кесепеттери боюнча сюжет даярдап жүргөн. Видео телеканалдын сайтында жарыяланды.

Орусиянын тергөө комитети бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Интервью учурунда кабарчы чиновниктен өрттөн жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдүн начар абалы тууралуу сураган. Район башчысы Литоминдин микрафонун тартып алууга аракет жасаган, андан соң журналистти колдон кармап, жерге жыккан. Ал “Жогол бул жерден!” деп кыйкырган. Андан соң телеканалдын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн түртүп чыгарган.

“Бирдиктүү Орусия” журналисттен кечирим сурады жана районун башчысынын жоругун этика комитетинде кароого убада берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: