Menu

УКМК: Атамбаев кайтаруусуз калган жок

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча маалымат таратып, «мурдагы мамлекет башчы кайтаруусуз калды» деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: «“Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, президентке, экс-президентке, парламенттин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет мамлекеттен жогорку кызмат адамдары келген учурда жансакчы берилет», деп жазылат. Ошондой эле УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын саны мурдагыдай эле кала берээрин кабарлаган.

Буга чейин Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү «бийлик Дамир Мусакеевди камоо менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна шек жаратууда» деп айтып чыгышкан.

Ошондой эле 24-майда КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан. Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары мүнөздөгөн. Бирок, атайын кызмат бул маалыматты четке каккан.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Дамир Мусакеев бул кылмыш ишин экс-президент менен мамилеси жакшы болгондуктан саясий куугунтук катары баалаган. Асел Кодуранова жетекчилик кылган КСДП да муну бийликтин куугунтугу катары баалап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: