Menu

Ашхабад бийлиги кеңселерди шаар четине көчүрүүдө

Бөлүшүү:

Ашхабаддын бийлиги кеңселери жаңы курулган үйлөрдүн төмөнкү кабаттарында жайгашкан фирмаларды башка жерге көчүүгө мажбурлап жатат.

учурда мындай талап шаардын Гарашсызлык жана Битарап Түркмөнстан көчөлөрүндөгү үйлөрдө жайгашкан фирмаларга карата айтылууда. Бирок алардын көбү шаардын борборунда калуунун башка жолдорун издеп жатышат.

«Анча чоң эмес фирмалардын көбү Мир кичирайонундагы үйлөрдүн жертөлөлөрүнөн кеңселерди ижарага алууну каалап жатышат. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен полиция жертөлөлөрдө рейддерди жүргүзүүдө. Алар андагы ижарачылардын документтерин текшерип, Өнөр-жай аймагына баргысы келбей, жаңы келишим түзгөндөрдү аныктап жатышат», — деп жазды басылма.

Майдын ортосунда баш калаанын бийлиги бардык кеңселерди шаардын четинде жайгашкан Өнөр-жай аймагына көчүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Өнөр-жай аймагы — Ашхабаддын четиндеги Бедев районунда кеңсе имараттары, соода жайлары курулуп жаткан аймак. Ишкерлер ал жерге көбүнчө ижара акылардын жогору экендигинен улам баргылары келбей жатканы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: