Menu

Футбол: Санкт-Петербургдагы турнирдеги Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

Бөлүшүү:

Футбол боюнча 18 жашка чейинки(U-18) Кыргызстандын тандалма командасы 4-июндан 14-июнга чейин Санкт-Петербург шаарында өтө турган Валентинт Гранаткинди эскерүү эл аралык турнирине катышат. Мында кыргызстандык жаштардын атаандаштары Гвинея, Россия-2 жана Польша өлкөлөрүнүн тандалма командалары болгонун Футбол федерациясынан кабарлашты.

Турнирге 12 команда катышат. Оюндардын баары «Петровский», «Турбостроитель» жана «Рощино Арена» стадиондорунда болмокчу. Мелдешке катыша турган командалар 4 тайпага бөлүнгөн. Алар “А” тайпасында Болгария, Молдова, Россия, Индия, “В” тайпасында Түркия, Иран, Аргентина, Греция, “С” тайпасында Гвинея, Кыргызстан, Россия-2, Польша өлкөлөрүнүн тандалма комиандалары күч сынашат.

ФИФАнын биринчи вице-президенти Валентин Гранаткинди эскерүү эл аралык мелдеши 1981-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келатат. Алгач Мосва шаарында өткөрүлүп жүрсө, кийин 2007-жылдан бери Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүп жүрөт. Мында СССРдин жаштар тандалма командасы 9 жолу, Россиянын командасы 10 жолу, Германиянын командасы 4 жолу баш байгенин ээси болгон. Европа өлкөлөрүнөн Финляндия, Италия, Словения жана Белорусия, Азия өлкөлөрүнөн Түштүк Корея менен Жапония бир жолудан биринчи орундарды камсыз кылышкан. Былтыркы турнирдин баш байгесин Санкт-Петербург шаарынын командасы жеңип алган. Алар финалда Түркиянын командасын уткан. Бул турнирге жаш кезинде катышып, футбол дүйнөсүнө таанылган оюнчулар Андреас Мёллер, Оливер Бирхофф,  Карстен Янкер,  Марсель Десайи, Игорь Колыванов, Александр Мостовой жана башкалар болуп саналат. Советтик футболчу, хоккейчи, СССРдин чемпиону жана футбол ишмери Валентин Александрович Гранаткин СССРдин тандалма командасынын дарбазачысы болгон. Ошондой эле 1946-1950-жылдары ФИФАнын вице-президенти, 1955-1979-жылдары Эл аралык футбол федерациясынын биринчи вице-президенти болуп, футболдун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал көп жылдар боюу СССРдин футбол федерациясынын жетекчиси болгон.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: